Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине арналган фан-зоналар уюштурулат. Алар “Тунгуч-1” скверинде жана “Ынтымак-2” паркындагы амфитеатрда жайгашат.
Бул жерде мелдештер түз эфирде көрсөтүлүп, маданий жана көңүл ачуучу программалар, улуттук оюндар, фуд-корттор жана балдар үчүн оюн-зоок зоналары уюштурулат.



