Бишкекте дагы бир ротордук жаңы унаа токтотмо ишке кирди.
Мэриядан билдиришкендей, ал Аламүдүн базарынын аймагында жайгашкан. Бул жай унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.
Буга чейин Бишкекте Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай орнотулган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



