Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелет

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодон НДПК партиясынын четтетилгендигинен улам эми добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

“Мыйзамдын бузулушуна байланыштуу партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып салынып, андан кийин кайрадан жети пайыздык көрсөткүч эсептелет. Бир партия чыгып кетип, калган уткан партиялар бөлүшүп албайт. Мыйзамга ылайык ошондой. Борбордук шайлоо комиссиясынын жобосу да бар”.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

 

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек. Аталган партия дооматтарды негизсиз деп атап жатат.

 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен алты партия өткөн. Бул партияларга куйрук улаш “Реформа” партиясы 6,18 пайыз, “Социал-демократтар” партиясы 5,59 пайыз, “Ыйман Нуру” партиясы 4,67 пайыз добуш алып, шайлоо босогосунан өтпөй калган.