Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев — Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев — Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, жолдо эски асфальт алынып, негизи бекемделип, жаңы асфальт төшөлдү.

 

Ошондой эле инженердик тармактар оңдолуп, жол инфраструктурасынын айрым элементтери жаңыртылды.