Бишкекте Гоголь көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-сентябрдан тартып талган көчөнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Айдоочуларга жана шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.



