Бишкекте йоганын эл аралык күнү белгиленет

21-июнда XII эл аралык йога күнү белгиленет. Мэриядан билдиришкендей, Бишкекте иш-чара Курманжан датканын эстелигинин жанында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулууда.

Ага 400дөн ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Йоганын эл аралык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылы Индия өкмөтүнүн демилгеси менен негизделген. Ошондон бери бул күн жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө белгиленип келет.