Бишкекте электросамокаттардын ылдамдыгы саатына 15 чакырымга чейин чектелгенден кийин, бул транспортко байланыштуу жаракат алгандардын саны төрт эсе азайды.
Вице-мэр Рамиз Алиев билдиригендей, келечекте мындай чектөө жеке мобилдүүлүк каражаттарынын бардык түрүнө жайылтылышы мүмкүн.
Эске салсак, май айында мэрия самокаттардын максималдуу ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүүнү сунуштаган. Буга жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурларынын көбөйүшү жана мындай транспорт үчүн коопсуз инфраструктуранын жетишсиздиги себеп болгон.



