Бишкекте эртеңден тарта 2-сентябрга чейин Лев Толстой көчөсү жабылат. Кеп анын Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканадан Манас проспектисине чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.
Мэрия маалыматына ылайык, бул бөлүктө жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.



