Бишкекте эртеңден тарта түнкү автобустар каттап баштайт

Бишкекте эртеңден тарта түнкү автобустар каттап баштайт.

 

Мэриядан билдиришкендей, аларда жол кире накталай эмес — 70 сом, накталай 90 сом болот.  Муниципалитет тесттик долбоор катары 6 маршрут боюнча автобустарды чыгарып, текшерип көрөт. Эске салсак, Бишкекте 1-июлдан тарта автобустарда жүрүүнүн жаңы тартиби ишке кирди.