Бишкектин жашоочулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өзүнө жакын даректи тандап барып, орнотулган LED-экрандан түз эфирде көрсө болот. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата шаардын төрт районундагы бир нече даректерге LED-экрандар орнотулат.
Түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Мындан тышкары, аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт. Ошондой эле коноктор үчүн улуттук оюндар боюнча интерактивдүү программа даярдалат.
Негизги фан-зона «Ала-Тоо» аянтында болот. Мэрия, мындан тышкары, төмөнкү даректерге экрандар коюла турганын белгиледи:
Октябрь районунда:
Туңгуч кичи районундагы «Туңгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр;
Дайыр Асанов атындагы парк.
Ленин районунда:
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери.
Биринчи май районунда:
Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52 дареги.
Свердлов району:
Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплекси;
Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектеп;
Энесай 1 көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.



