Бишкекте көмүр саткан 21 социалдык кампа уюштурулуп, учурда кезек жок

Бишкекте көмүр саткан 21 социалдык кампа уюштурулуп, учурда кезек жок.

 

“Кыргызкөмүрдүн” башкы директору Рустамбек Садыралиевдин айтымында, Кара-Кече кенинде көмүр казуу күнү-түнү жүрүп, ага 285 техника жана миңге жакын адам тартылган. Белгилеп кетсек, өткөн жылы көмүрдүн тоннасы 6 миң 600 сомдон сатылса, быйыл баасы 7 миң сом деп белгиленген.