Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сом деп бекитилди

Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сом деп бекитилди. “Кыргызкөмүр” ишканасынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 156 отун базасына көмүр жеткирилүүдө, анын 25и Бишкекте жайгашкан.

 

Учурда негизинен Кара-Кече кенинен көмүр ташылууда. Кендеги баа тоннасына 3 миң 21 сомду түзөт, ал эми аймактардагы акыркы баага ташуу чыгымдары кошулат.