Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө акысы кымбаттады

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө акысы кымбаттады. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы кабарлады.

 

Ага ылайык, Энергетика министрлигинин буйругу менен жаңы баалар  1-июлдан тарта күчүнө кирди. Эми ай сайын төлөмдөр батирдин аянтына жараша эсептелет — үй ичиндеги жылытуу түтүктөрүн тейлөө үчүн батирдин ар бир чарчы метрине айына 1 сом 59 тыйындан,  үй ичиндеги ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн айына 79 тыйындан  кармалат.