Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Бишкек шаарында өтө турган күрөш боюнча U15 жана U20 Азия чемпионатына даярдыктарды текшерди.

Агенттиктен билдиришкендей, ал мелдеш өтө турган спорттук аренанын даярдык деңгээли менен таанышып, объекттин техникалык камсыздалышы жана уюштуруу иштеринин графиги боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, негизги иштер акыркы баскычта турат жана спорттук объект белгиленген мөөнөттө толук даяр болот.

Эске салсак, күрөш боюнча Азия чемпионаты ордо калаадагы Bishkek Arena`комплексинде 5-13-июль күндөрү өтөт.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.