Бишкекте 13-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук жарманке өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара “Ынтымак-2” паркында Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулууда.
Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн маданияты менен таанышып, улуттук сувенирлерди, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып, тамак-аштардан жана суусундуктардан даам тата алышат.
Жарманке саат 15:00дөн 19:00гө чейин болот.



