Бишкекте каратэ-до боюнча өлкө чемпионаты башталды

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда каратэ-до боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдешке жалпы 165 спортчу катышууда.

Эркектер 60 кг, 67 кг, 75 кг, 84 кг жана 85 кг жогору салмак чен бирдигинде күч сынашты.

Ал эми кыз-келиндер 50 кг, 55 кг, 61 кг, 68 кг чейин жана 65кг жогору салмак чен бирдигинде таймашууда.