Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында кармаш уруш боюнча Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпионаты, ошондой эле жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жалпы 153 спортчу катышууда. Алар 52 кг, 57 кг, 62 кг, 67 кг, 73 кг, 80 кг, 88 кг, 97 кг чейинки жана 97 кг жогорку салмак категориясында күч сынашат.
Белгиленгендей, мелдештин финалдык беттештери эртең, 9-апрелде өтөт.



