Бишкекте кезектеги V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар уланууда

Бишкекте кезектеги V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаанын төрт районунда жергиликтүү тургундардын катышуусунда жолугушуулар өттү.

 

Алардын жыйынтыгында Ленин районунан 15, Свердлов районунан 37, Октябрь районунан 22 жана Биринчи Май районунан 27 делегат шайланды. Бардык жыйындар белгиленген кворум сакталган шартта өттү.