Бишкекте Киев көчөсү жабылганына байланыштуу 14 автобустун каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте Киев көчөсү жабылганына байланыштуу 14 автобустун каттамы өзгөртүлдү.

 

Мэриядан билдиришкендей, Исанов — Тоголок Молдо тилкесинде жылуулук тармактарын жаңыртуу иштери жүргүзүлүп, автобустар альтернативдүү көчөлөр менен каттайт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.