Бишкекте коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун иши токтотулат. Тиешелүү тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берди.
Ага ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан аттракциондордун ишин токтотуунун тартибин иштеп чыгышы керек.
Эске салсак, кечээ Панфилов атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Ал оор абалда Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган.



