Бишкекте Курманжан датка көчөсүндөгү мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, буга чейин курулуштардын ээлерине эскертүү кагаздары берилип, ыктыярдуу бузууга убакыт берилген.
Эскертүүгө таасир бербегендердин объектилери түрттүрүлүп жатат. Бул иштер Курманжан датка көчөсүн кеңейтип, тротуарларды курууга шарт түзөт.



