Бишкекте кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү аман-эсен чыгарылды

Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган учактын 181 жүргүнчүсү жана эки пилот менен төрт борт коштоочу аман-эсен эвакуацияланды.

 

«Кыргызстан аэропорттору» мамлекеттик компаниясы билдиргендей, учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси сынып, жерге кулап кеткен. Анын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган. Олуттуу жабыркагандар жок.

 

Учурда учакты учуу тилкесинен чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Кырсык катталган жерде өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар да иш алып барууда.

 

«Манас» эл аралык аэропортунан аба каттамдары түнкү саат 10го чейин убактылуу токтотулду. Бишкектен Ошко учуп бараткан учак бүгүн түштөн кийин кырсыкка кабылган.