Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракеси белгиленет.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, салтанат 17-октябрда Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Өлкөдөгү алгачкы улуттук мектеп 1926-жылы Таштак кыргыз башталгыч мектеби катары негизделген. 2010-жылы билим берүү мекемесине профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы ыйгарылып, 2019-жылы азыркы аталышына ээ болгон.



