Бишкекте май айында мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте тургандарга батирлер тапшырылат.
Уюмдун жетекчисинин орун басары Нургазы Атакановдун айтымында, ордо калаада бир нече турак-жай комплекстердин курулушу аяктап калды, алар Маликов, Бекматов, Анкара, Кустанай көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында жайгашат.
Атаканов ишендиргендей, үйлөр унаа токтотуучу жайлар жана социалдык объектилер менен камсыздалган. Курулуштун жүрүшү жана сапаты мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө.



