Бишкекте май куюучу бекеттер шаар сыртына чыгарылып, ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулушу мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат. План боюнча ордо калаадагы май куюу бекеттеринин ордуна көп кабаттуу унаа токтотмолорун куруу пландалууда. Жунушалиев тиешелүү кызматтарга текшерүүнү тапшырып, калаанын айрым аймактарында жаңы бекеттерди курууга мораторий киргизилгенин белгиледи.



