Бишкекте “Манас” маданий борборунун курулушу башталды

Президенттин администрациясы билдиргендей, объект улуттук маданиятты өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган уникалдуу борбор болот.

 

Имарат толугу менен өзүн-өзү каржылаган, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жапкан маданий комплекс катары салынат.

 

Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.