Бишкекте Кыргыз-түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн автожолду ачуу иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, буга байланыштуу окуу жайдын айланасындагы тосмолор алынып жатат.
Борбордун 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорунда Миңжылкиев көчөсү “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиевге кошулат. Мэрия алдыда Бакаев көчөсүн Түштүк магистралга кошууну пландап жатат.
Бул аракеттер Бишкектеги тыгын маселесин азайтууга жардам берери айтылууда. Бирок мындай чечимге каршы болгон шаардын айрым тургундары буга чейин кол топтоп баштаган.



