Бишкекте “Мектеп 21” инновациялык мекемеси ачылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, долбоор IT-адистерин акысыз даярдоо максатын көздөйт. Мектеп Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин базасында иштейт.
Студенттерди жайгаштыруу үчүн жатакана, окуу корпусу реконструкцияланат. Курулуш иштери башталды. IT мектеп ушул жылдын июль айында ишке кирет деп пландалууда. Ал кыргызстандыктарга эл аралык талаптарга ылайык технологиялык жөндөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт деп күтүлүүдө.



