Бишкекте мектепте окуучуну сабаган мугалим иштен бошотулду

Бишкектеги №87 мектептин директору тартиптик жазага тартылып, ал эми мугалим ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим №87 мектептеги текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин кабыл алынды.

Билим берүү департаменти тарабынан түзүлгөн атайын комиссия мыйзамдардын талаптарынын одоно бузулушун аныктады.

Атап айтканда, «Балдар жөнүндө» кодексинин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө» типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес.

Эске салсак, социалдык тармактарда мугалим сабак учурунда окуучуга кол көтөрүп, урушкан видео тараган.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.