Бишкекте мектептерге кошумча имараттарды куруу уланууда

Бишкекте мектептерге кошумча имараттарды куруу уланууда.

Мэриянын маалыматына караганда, № 20, 73 жана 40 билим берүү мекемелеринин аймагында иштер жүрүп жатат.

Анын алкагында, ар бири 500 орунга ылайыкталган кошумча имараттар курулат.

Керектүү шарттарды, атап айтканда, окуу кабинеттерин, спорт залдарын, лабораторияларды жана башка жайларды түзүү пландаштырылууда.