Энергетика министрлигинен билдиришкендей, шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан подстанция ири инфраструктуралык объекттерди электр энергиясы менен камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ.
Реконструкция аяктагандан кийин көмөк чордон 51 миң 200 көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадионун, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстерин электр энергиясы менен камсыз кылат.
Объект жакынкы бир жуманын ичинде толук ишке кирет деп күтүлүүдө.



