Бишкекте мурдагы борбордук мечит бузулууда

Бишкекте мурдагы борбордук мечит бузулууда. Анын ордуна жаңысы салынары айтылган. Эски имарат авариялык абалда болгондуктан реконструкциялоого мүмкүн эмес деп табылган.

 

Жаңы мечит 4 миң 200 адамга ылайыкталып, имаратта жер алдындагы унаа токтотмо, кафе, кампа жана башка керектүү жайлар болот.