Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрөт

Бишкекте мыйзам бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүрөт. Ички иштер министрлиги билдиргендей, жума жана ишемби күндөрү патрулдук милициянын 50 бригадасы жол эрежесин бузгандарды аныктайт.

 

Өзгөчө көңүл мас абалында унаа башкарууга, жол бейбаштыгына, мыйзамсыз тонировкалоого жана машинени каршы тарапка айдап чыгууга бурулат.

 

Мындай рейддер жума сайын өткөрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.