Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Мэриядан эскертишкендей, 1-октябрга чейин күндүз абанын температурасы 28 градус жана андан жогору болсо, күндүзгү убакта жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө коюлат. Мындай чара жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.



