Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ордо калаадагы филиалы дем алышсыз, 24 саат бою иштеп баштады. Ага ылайык, шаар тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге майрам күндөрү да келип, автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алса болот.
Белгилеп кетсек, 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албагандарга үч миң сом айып пул салынат. Юридикалык жактарга айып пулдун өлчөмү 13 миң сомду түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



