Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Борбор калаада самбо боюнча дүйнө чемпионаты салтанат менен ачылып, ишин баштады. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.
Спорттук таймаш бүгүн башталып, 9-ноябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу келген. Жалпысынан 31 медаль топтому ойнотулмакчы.
Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
«Бул спорт адамдарды бириктирип, чек араларды жоюп, адамзаттын башкы идеалдарын – тынчтыкты, достукту жана өз ара урматтоону ишке ашыра тургандыгынын ачык далили. Бул чемпионаттын өзгөчө мааниси бар – ал Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналды. Биздин өлкөдө бул спорттун тарыхы 1965-жылы Сергей Жулдыбин анын алгачкы негизин түптөгөндө башталган. Ошондон бери самбо Кыргызстандын спорттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калды», — деди өкмөттүн башчысы.
Касымалиев дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчуларга кайрылып, алардын өз өлкөсүнүн сыймыгы, туруктуулуктун үлгүсү экенин белгилеген.