Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Турнир 7-9-ноябрда уюштурулат. 3 күн аралыгында эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдардын 31 топтому ойнотулат.

 

Биринчиликтин жалпы байге фонду — 341 миң долларды түзөт. Бардык дисциплиналар боюнча бирдей сый акы каралат — “алтын” медаль үчүн — 4 миң доллар, “күмүшкө” — 3 миң жана “коло” медалга 2 миң доллар берилет.