Бишкекте сейсмикалык туруктуу компоненттерди өндүрүүчү завод курулат

Бишкекте сейсмикалык туруктуу компоненттерди өндүрүүчү завод курулат.

 

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект Сейсмокурулуш мамлекеттик институтунун аймагында жайгашат. Ишкана имараттардын жер титирөөлөргө туруктуулугун жогорулатуучу заманбап компоненттерди чыгарат. Долбоор курулуш тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө шарт түзүп, импорттон көз карандуулукту азайтат деп күтүлүүдө.