Бишкекте суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарынын жаңы тарифтери бекитилди

Бишкекте суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарынын жаңы тарифтери бекитилди.

 

Шаардык кеңеш кабыл алган токтомго ылайык, 1 кубометр суу үчүн төлөм 15 сом 73 тыйын, ал эми канализация үчүн 6 сом 80 тыйын болот.

 

Азыркы тарифтерге салыштырмалуу баа дээрлик 50 пайызга жогорулайт. Мэрия муну эскирген инженердик тармактарды оңдоо жана инфраструктуранын чыгымдарын жабуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.