Бишкекте таштандыны жер астында сактоочу жайдын долбоору сунушталды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган.
Долбоорду Түркиялык компания ишке ашырууда.
Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, ошондой эле шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.