Бишкекте театрлардын жаңы сезону ачылып жатат

Бишкектеги театрлар жаңы чыгармачылык сезонун ачып, көрүүчүлөргө классикалык чыгармалардан тартып заманбап спектаклдерге чейин сунуштай баштады.

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы өттү.

 

Ал эми «Учур» жаштар театры жаңы сезонун бүгүн, 5-октябрда ачат.