Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен вице-президенттеринин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын премьер-министрлери, Түркиянын вице-президенти, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы катышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө экономика, соода, инвестиция, транспорт жана башка тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланат. Мындан тышкары уюмдун ишинин механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралат.
Иш-чара 18-сентябрда болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



