«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, пландалган оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Учурда калган абоненттерди ысык сууга кошуу жана айрым даректердеги мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрүүдө.
Эске салсак, баш калаага ысык суу берүү 1-апрелден 10-майга чейинки аралыкта токтотулган.
Борбордо тиешелүү тутумду оңдоо үчүн ысык суу жыл сайын жаз-жай айларында өчүрүлүп турат. Мурда 30 күнгө токтотулса, 2024-жылдан бери 40 күнгө өчүрүлүп келет.


