Бишкекте туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктер билдиришкендей, 21-апрелден тартып ордо калаада жана
Чүйдүн аймактарында абанын табы кескин төмөндөйт. Келе жаткан шейшембиден
тартып ордо калаада жаан жаап, суук болот. 22-23-апрелде Бишкекте күндүз
термометр мамычалары 0 градусту көрсөтсө, түнкүсүн -5 градуска жеткен суук жүрөт.
21-апрелден баштап жаан жаан-чачын башталат.
Ордо калаанын тоолуу райондорунда кар жап, мөндүр түшөт.