Бишкекте тыгын күчөгөн мезгилде товар жеткирүүнү чектөө сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын сайтында жарыяланды. Кеп базар, соода борборлору жана күркөлөргө товар жеткирген жүк ташуучу унаалар тууралуу болуп жатат.
Муниципалитет товар жеткирүү, аны түшүрүү, жүктөө жолдо кошумча тыгын жаратарын белгилейт. Мындай чектөө дары-дармек жана башка социалдык маанилүү товарларга тиешелүү болбойт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



