Бишкекте ысык суу 9-майдан тарта бериле баштайт. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы жылуулук түйүндөрүндөгү оңдоо иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майдан тарта система муздак суу менен толтурулат.
Ал эми 9-майдан тартып суу ысытылып, тургундарга бериле баштайт. Алгач ысык суу шаардын борбордук бөлүгүнө берилет, андан кийин түштүк кичи райондорго жеткирилет.



