Бишкекте заманбап маданий борбордун курулушу уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, имаратта 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт жана маданий иш-чаралар үчүн атайын жайлар болот. Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатат.



