Бишкекте заманбап вакцина сактоочу жайдын курулушу башталды

Бишкекте заманбап вакцина сактоочу жайдын курулушу башталды.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборунан билдиришти. Долбоор Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун  жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Борбордун курулушу вакциналарды туура сактоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.