Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук таксинин катышуусу менен жол кырсыгы катталды

Борбор калаанын Улан кичи районунда КамАЗ, Honda Fit унаалары жана №106 каттамдагы маршрутка кагышты.
Үрөй учурган кырсык Ахунбаев көчөсүндө болгон.
Кадрдан көрүнгөндөй, кырсык катталган жерге бир нече тез жардам унаалары келген.
Бишкек шаардык Кайгуул милициянын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кырсыктын кесепетинен беш адам жаракат алганын билдирди. Жеринде инспекторлор иштеп жатат.