Бишкекте жаңы автобекеттин курулушу уланууда

Объект жалпысынан тогуз блоктон турат.

 

Комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, чоң күтүү залы, административдик имарат, соода жайлары, ошондой эле шаар жана эл аралык автобустар, жеңил унаалар үчүн өзүнчө унаа токтотуучу жайлар каралган.

 

Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин бүтүрүү пландалууда.